Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.05.2019 11:33

Сүрөт: Эгиз мушкерлер Асан менен Үсөндүн рингдеги жеңиштери

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын 20 жаштагы тургундары Асан менен Үсөн Ажыбаев. Экөө тең спорттун эрежесиз эр уруш түрү менен машыгып, ийгиликтерди багындырып келет. Жаш спортчулар менен аймактык кабарчы таанышты.

Үсөндүн айтымында, алардын спорт менен алектенишине бир тууган агасы Бексултан түрткү болгон.

«Мектепте 5-класста окуп жатканда агам Бексултан бизди грек-рим күрөшү боюнча ачылган ийримге алып барды. Мен спортко кызыккандыктан бат эле өздөштүрүп кеттим. Күн сайын Асан экөөбүз машыгып жүрүп, айылдагы курама командага мүчө болуп кирдик. Ошентип Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинде машыгуумду уланттым. Кийинчерээк Бишкек шаарындагы ЖОЖго барып, шартка байланыштуу грек-рим күрөшү менен машыкпай калдык. Учурда Асан Кыргыз мамлекеттик университетинде, ал эми мен Кыргызстан эл аралык университетинде 2-курста окуп жатам», - дейт Асан.

Анын айтымында, ал учурда эрежесиз эр уруш менен машыгып, беттештерге катышууда.

«Учурда эрежесиз эр уруш менен машыгып, эл аралык турнирлерге катышып жатам. Менин жеңиштеримди көрүп, эгизим Асан дагы эрежесиз эр уруш менен машыгууда. Биз жаңыдан залга барып жүргөндө машыктыруучубуз экөөбүздү айырмалай албай, айрым учурда Асандын ордуна мен рингге чыгып жүрдүм.

Башында ата-энем, бир туугандарыбыз спорттун бул түрү менен машыгууга каршы болуп жүрүштү. Убакыт өтүп, Азия чемпиону болгондон кийин, колдоо көрсөтүп калышты. Көп учурда мага түгөйүм жардам берет. Экөөбүз окшош болгонубуз менен кыялыбыз эки башка. Мен спортко баш отум менен киришсем, Асан токтоо, үй үчүн күйүмдүү жана спортту хобби катары кабыл алат.

Буга чейин мен Москва шаарында болгон эл аралык беттеште 2-орунду багынтсам, быйыл Шымкент шаарында болгон мелдеште 1-орунду камсыз кылдым. Эми алдыда дагы машыгып, дүйнө чемпиону болом деген ниетим бар», - деди Үсөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×