Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.05.2019 12:45 На русском

«Сүйгөн кызын кызганып»: Милиция окуучуларды тизип алып урган жигитти тапты

Turmush -  Социалдык тармактарда белгисиз жигиттин катар тизилген окуучуларды четинен уруп жатканы тууралуу видео тарады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында болгон. Андагы балдар Адиш Тагаев атындагы орто мектептин окуучулары экендиги аныкталды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыныч Үсөновдун айтымында, окуя мектепте болгон эмес.

«27-май күнү 9-11-класстын окуучулары саат 11:00гө чейинки консультацияга катышкан. Окуя саат 13:00 чамасында мектепте эмес, пансионатта болуптур. Мен кабарды угарым менен милицияга маалымдагам. Бул окуя боюнча окуучулардын баары Арсланбаптагы милициянын аймактык бөлүмүнө чакыртылган. Окуя кандай болгону эми такталат», - деди Тыныч Үсөнов.

Ал эми ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар 9-класстын окуучулары болгон.

«Окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуя 28-майда пансионатта болгон. Окуучуларды урган 2001-жылы туулган жигит милицияга келип көрсөтмө берди. Ал мектепте окубайт экен. Ал окуучу балдарды ал жактырган кыз менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн жана аларды тарбиялап коюу үчүн урганын билдирди. Учурда баары сурак берип жатышат. Бирок бир дагы окуучу арыз жазган жок», - деп айтылат маалыматта.

Адиш Тагаев атындагы мектепте 500гө жакын бала билим алат. Район боюнча 65 мектеп болсо, анда 31 миңден ашуун окуучу бар. Быйылкы жылы 11-классты 100дөн ашуун окуучу бүтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×