Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.05.2019 15:02 На русском

Жер алып берем деп алдап, акча өндүрүп алектенген жаран кармалды. Сүрөт

Turmush -  Социалдык тармактар аркылуу таанышып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү 2018-жылдын 21-сентябрь күнү Таш-Кѳмүр шаарынын 1983-жылы туулган тургуну Т.И. менен интернет аркылуу ѳзүн Руслан Расулов деп тааныштырып, аны менен жолугушкан. Ал Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматында иштейм деп алдап, анын ишеничине кирген.

Кийинчерээк Бишкек шаарындагы белгисиз жер тилкелерди телефондон кѳрсѳтүп, аны менен оозеки келишим түзүп, жок жерди жалпы 300 миң сомго баалашкан. Ошол эле күнү банк аркылуу 1500 доллар, арадан үч күн ѳтүп 105000 сом акчасын, тѳрт күн ѳтүп 80000 рубль акчасын таксисттер аркылуу алдырып алган. Жалпы 288 миң 215 сом акчаны ѳз кызыкчылыгына иштетип, изин жашырып кеткен.

Бул факт Таш-Кѳмүр ШИИБ тарабынан алдамчылык катары катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылган. Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгѳн иш аракеттердин натыйжасында 2019-жылдын 20-майында Бишкек шаарынан шектүү катары Ѳзгѳн районунун 39 жаштагы тургуну И.Ш. кармалды. Ал ШИИБдин тергѳѳ кызматына ѳткѳрүлүп берилип, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергѳѳнүн жүрүшүңдѳ аталган шектүү абакта жаза ѳтѳп жатып, белгисиз жагдайлар менен кыска мѳѳнѳткѳ сыртка чыгып, ошол бойдон издѳѳдѳ жүргѳнү аныкталган. Ал 2015-жылдын 28-июлунда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан КРнын КЖКнын 166-беренесинин 3-бѳлүмү менен күнѳѳлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги түзѳтүү абагында ѳтѳп жаткан.

Соттолуучу 2016-жылдын 20-августунда кыска мѳѳнѳткѳ өргүүгѳ чыгып, кайтып келбегендигине байланыштуу 2016-жылдын 8-сентябрынан тарта издѳѳгѳ алынган.

Алынган маалыматтар боюнча, И.Ш. аял кишилер менен социалдык тармактар аркылуу таанышып, ѳзүн мамлекеттик кызматкер катары кѳрсѳтүп жүргөн. Жер тилкелерин алып берем деп акчаларын алдап алып, максатына жеткен соң уюлдук телефонун жана социалдык тармактардагы баракчаларын ѳчүрүп, жашынып жүргѳн.

Милиция жабыркагандар болсо (03745) 5-02-57, 0772 23-20-89 номурлары аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×