Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.05.2019 14:48 На русском

«Эксперимент кылганбыз»: Ч.Сейитбеков ит менен карышкырды аргындаштырып, кыргыз овчаркасын алууга камынууда. Видео

Чыңгыз Сейитбеков баккан карышкыр
Чыңгыз Сейитбеков баккан карышкыр

Turmush -  Токтогул районунун тургуну Чыңгыз Сейитбеков кыргыз овчаркасын алуу үчүн 7 жылдан бери карышкыр багып келет. Көчмөн кыргыз элинин учугун улап, кыргыз иттеринин мыктысын чыгарууну көздөгөн Чыңгыз мырза буга чейин 8 карышкырды колго үйрөтүүгө жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ч.Сейитбеков чек араларда кызмат кылган немис овчаркасындай кыргыз иттерин алуу үчүн карышкыр менен иттерди аргындаштырып жаткан чагы. Ал карышкырдын кандай жаныбар экенин жатка билип калган.

«Карышкыр багып калганыма ата-тегим себепкер болду. Чоң атам 1916-жылы туулгандыктан атын Үркүн деп коюшуптур. Ал мыкты мергенчи болгон экен. Мен да ата-тегимдин жолун улап, 7 жылдан бери карышкыр багып келем. Аны бөлтүрүк кезинде колго үйрөтүп алгам. Ушунча жыл карышкыр багып, эч кандай зыян тарткан жокмун. Карышкыр — ишенимге, сүйүүгө бекем, шеригине күйүмдүү жырткыч болот. Ал шамалдын багытына каршы жүрөт. Шамалдын жардамы менен коркунучту 10 чакырым алыстан туят. Алыстан адамдын кандай максатта келе жатканын сезип турат. Көзүнүн көрүүсү дагы курч болот.

Карышкырлар топ-топ болуп жүрүшөт жана түгөйү менен өлгөнгө чейин жашайт. Жетилген ургаачы карышкырдын өтүнөн сасык жыт чыгат. Карышкырлар ошол сасык жыттан ургаачы карышкырдын жетилгенин билишет. Ургаачы карышкыр түгөйүн табарда карышкырлардын тобунан чыгып калат. Анан эркек карышкырлар аны багындыруу үчүн күч сынашат. Канга тойгон карышкырдын өтүнөн да сасык жыт чыгат. Күчтүү карышкыр атаандаштарын жеңип, сасык өтүн чачат. Ургаачы карышкыр ошол карышкыр менен баш кошот. Экөө адам сыяктуу эле үй-бүлө күтүп, балалуу болуу үчүн жакшы жер издешет. Эркек карышкыр бөлтүрүктөрүнө жаңы туулган козулардын баштарын таап берип, ойнотот, тарбиялайт», - дейт Чыңгыз Сейитбеков.

Анын айтымында, колго үйрөтүлгөн бөлтүрүктөр иттен айырмаланбайт жана малга кол салбайт.

«Бөрү баласы ит болбойт" деп айтылат эмеспи. Карышкыр үрүп гана чыга албаганы болбосо ит сыяктуу эле болот. Колго багылган карышкыр ээсине каршылык көрсөтпөйт. Ал өзүн коргоо үчүн гана ырылдайт. Токтогулда 6 жыл карышкыр бактым. 1 жылдан бери Бишкек шаарында багып келе жатам. Мен бөлтүрүктөрдү 1-1,5 айлык кезинде алдырып келем. Кээде ууга чыкканда өзүм алып келем.

Карышкырларым бардык тамакты жегенге көнгөн. Карышкырларга Ак жолтой, Киреше деген гана аттарды коём. Учурда колумдагы карышкырга 10 ай болду. Малды тейлегенден кийин коё берем. Короодогу малга кол салбайт. Күн сайын эртең менен жана кечинде 20 мүнөт убакыт бөлүп, аны менен сүйлөшүп, жүнүн тарап турам.

Бир жолу досторум менен мелдешип кетип, карышкырымды тайгандар менен кошуп, коёнго ууга чыкканбыз. Бир убакта карышкырым жок, досторум "кетти, эми келбейт" деп жатышкан. Үйгө кайтып келе жатсак, артыбыздан келе жатыптыр. 3 ирет коё берсем, 3 жолу тең кайра кайтып келген. Учурда дос баламдын ити менен аргындаштырып, кыргыз овчаркаларын алалы деп жатабыз. Буга чейин да бир ирет эксперимент кылып көргөнбүз. Ит кошулууга даяр болгондо аргындаштырып көрөбүз. Мисалы, немис овчаркалары баңгизатты 7-8 мүнөттө тапса, буюрса биз алган кыргыз овчаркалары баңгизаттарды 1 мүнөткө жетпей таап чыгышат. Анткени карышкырдын жыт сезүү сезими абдан мыкты өрчүгөн. Жакшы күчүктөрдү алсак, чек арачыларга берип, сынап көрөйүн деп жатам», - деди Чыңгыз мырза.

Ал бир ургаачы карышкырын сатып жибергенине өкүнөт.

«Менин бир ургаачы, бир эркек карышкырым бар болчу. Быйыл Ноорузда бир өзбекстандык жигитке ургаачы карышкырды сатып жибергем. Сатпай эле койбой деп өкүнүп кетем. Учурда колумдагы карышкырымдын бардык документтери бар», - дейт Ч.Сейитбеков.

27 жаштагы Чыңгыз мырза учурда бойдок, Бишкек шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×