Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.05.2019 10:11

31 жаштагы Венера Жумабаеваны жакындары бир жылдан бери издеп жатышат

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь айылында 1988-жылы туулган Жумабаева Венера Абдурашидовна бир жылдан бери изделүүдө.

Милициянын маалыматына караганда, 2018-жылдын 9-июнь күнү Сузак РИИБге Абдурашид Жумабаев аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 2018-жылдын 13-май күнү болжол менен саат 14:00 чамасында 1988-жылы туулган кызы — Жумабаева Венера Абдурашидовна үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Белгилери: бою 160-165 см, ѳңү кара тору, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана узун, кѳзү кара, кашы кара.

Кийген кийимдери: үстүндѳ кѳк түстѳгү спорттук куртка, кара түстѳгү свитер, кара түстѳгү спорттук шым, бутунда кызыл түстѳгү байпак, кѳк түстѳгү ботинка.

Милиция кызматкерлери Венера Жумабаеванын жүргѳн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо Сузак РИИБге же тѳмѳнкү телефондорго кабарлап коюуну суранат. Байланыш телефондору: (03748) 5-02-09, 0777 80-65-68, 0550 31-31-22.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×