Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.05.2019 18:15

Кара-Көлдө «Нур-Ай» тигүү ишканасын негиздеген Н.Байбаевдин кайрымдуулук иштери

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 35 жаштагы тургуну, «Нур-Ай» тигүү ишканасынын негиздөөчүсү Нурмамед Байбаев кайрымдуулук иштер менен алектенип келет.

Н.Байбаев Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Кесиби боюнча экономист жана мугалим. Келинчеги дагы мугалим. Жубайлар 3 баланын ата-энеси.

Ал мындан 7 жыл мурун «Нур-Ай» тигүү ишканасын түптөгөн. Тигүү цехинде мектеп окуучуларынын формасы тигилип, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга жардам берилип турат. Социалдык абалы өтө оор жана ата-энесинен ажыраган балдарга 25%га чейинки жеңилдиктер же акысыз берүү жолдору да каралган.

Өзүнүн айтымында, ишкананын максаты коомго дагы пайда келтирүү болуп саналат.

«Биздин максат — өзүбүзгө гана киреше табуу эмес, коомго дагы пайдалуу иш жасоо. Ушундай саамалыкты жайылтып, башка фирмаларга жол ачып бергениме сыймыктанам. Башка ишканалар дагы бизди ээрчип, аз камсыз, жардамга муктаж болгон балдарга жардам берип, колдоо көрсөтө башташты. Алар дагы элге, мекенге пайда келтирүү максатын көздөп, өз салымыбызды кошолу деген ниет менен иштеп жатканына кубанам.

Жыл сайын бирдиктүү форма тигүү менен чектелип жатабыз. Мындан сырткары буйрутмалар түшүп, бала бакчаларга шейшептерди тигебиз. Атайын формаларды тигүүгө буйрутмалар аз санда гана түшөт. Биз кышкысын үч ай эс алып, калган убакта тынбай иштейбиз. Анткени цехтин имараты чоң жана аны кышкысын жылытуу оңой эмес, имаратты ижарага алып иштетебиз», - дейт Н.Байбаев.

Учурда ал 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иштерди жасаганы турат.

«Азыр Рамазан айы. Ошондуктан 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Сузак районундагы атасынан да, апасынан да ажыраган 52 окуучунун ичинен 36 окуучуга мектеп формаларын жана 10 миң сом акчалай жардам бергени жатабыз. Базар-Коргон районунда 50гө чукул тоголок жетим окуучулар бар экен. Аларга дагы 20 миң сомдук жардам көрсөтөбүз. Мында келерки жаңы окуу жылына карата сумка, окуу куралдары менен белекке беребиз.

Мындан сырткары, аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү 10 окуучуга материалдык жардам көрсөтөбүз.

Ошондой эле учурда Кара-Көл шаарындагы мечиттин курулушуна биздин ишкананын жумушчулары айлык акысынан жана ишкананын атынан 20 миң сом салым кошобуз. Биздин ишкана менен иштешип жаткан мектептерге жана социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, тоголок жетим балдарга жыл сайын бирдиктүү мектеп формасын бекер же 25%га чейин жеңилдетилген баада беребиз», - деди ал.

Ал белгилегендей, «Нурай-Ай» тигүү цехи 7 жылдан бери иштеп келе жатат.

«Тигүү цехи негизделгенден бери жалаң мектептер менен иштешип, бирдиктүү форма тигүү менен алектенебиз. Жыл сайын июль, август айларында жер-жерлерге атайын өз дүкөндөрүбүздү ачабыз. Ал дүкөндөрдө бирдиктүү мектеп формалары сатылат. Эл базардагы формалар менен биздин формалардын сапатын, баасын салыштырып, ыңгайлуусун сатып алышат. Облус боюнча 20дай мектептин окуучулары биздин форма менен камсыз болушат. Биздин форманы көп сатып алган мектеп бизге кат менен кайрылып, атасынан же апасынан, атасынан да, апасынан да айрылган балдардын тизмесин беришет. Биз алардын үй-бүлөлүк шартына, социалдык абалына жараша бекер же жеңилдетилген баада беребиз.

Быйылкы жаңы окуу жылында Кара-Көл шаарынын мектептери бирдиктүү формага өткөнү турат. Бул боюнча ата-энелер ишканага келип, форманын сапаты, баалары менен таанышып кетишти. Буйруса алар биз тиккен форманы сатып алышса, аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо болот», - деди ал.

Н.Байбаев белгилегендей, анын тигүү цехинде жалпы 30га чукул жумушчу иштейт.

«Алардын ичинен 10 жумушчу кесиптик лицейден келип, үч айлык практикадан өтүшөт. Айлык маяна жасаган жумушунун көлөмүнө жараша 5 миң сомдон 12 миң сомго чейин. Соцфонд, салык төлөмдөрү төлөнөт. Былтыр биздин ишканадан эки кызматкерибиз декреттик өргүүгө чыгып, акча алышты. Бардык тийиштүү иш кагаздар мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир кызматкерибизди медициналык көзөмөлдөн өткөрөбүз. Ар бири менен эмгек келишимдери түзүлгөн.

Мектеп формалардын баасын айтсак, эркек балдардыкы 1300 сомдон 1800 сомго чейин. Кыздардыкы болсо 1400 сомдон 1900 сомго чейин бааланат», - деди ишкер.

Ошондой эле ал ишкананын жетишкендиктерин да айтты.

«Кыргыз туусу» гезити «Жылдын мыкты ишкери» деген номинация ыйгарышты. «Кыргыз кербени» коомдук саясий маданий журналы былтыр мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанда көптөгөн тигүүчү цехтердин ичинен мектеп окуучуларына бекер форма берген, мектептердин техникалык базасын чыңдоого шарт түзүп берген жалгыз тигүү ишканасы деп бизди аныктады. Алар дагы «Мыкты ишкер» номинациясын ыйгарды. Мындан сырткары, ар бир район, шаарлардагы иштешип жаткан акимчилик, мэриялардын ардак грамоталары менен сыйландык.

Ошондой эле Сузак районунда балдар чыгармачылык үйүнүн бий ансамблине быйылкы жылдын февраль айында Нур-Султан шаарында Орто Азия өлкөлөрү боюнча өткөн жаш таланттар арасындагы бий сынагына катышып келүүгө демөөрчүлүк кылып бердик. Ал жактан 2-орунду ээлеп кайтышты. Ал сынактын уюштуруучулары биздин «Нур-Ай» фирмасына өспүрүмдөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, колдоп, демөөрчүлүк көрсөткөндүгүбүз үчүн ыраазычылык кат беришиптир. Биздин негизги максат форманы тигип, аны сатуу менен чектелбестен, мектептерге бирден принтер, видеокамера же түстүү принтер, компьютер, эмерек алып берүү.

Мындан сырткары, облустагы район жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрү менен келишим түзгөнбүз. Алар биздин форманы алышат, биз окуучуларды республикалык, облустук олимпиадаларга даярдоо, олимпиадалардан байгелүү орундарды алып келген окуучуларга, аларды даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлык берүү жоопкерчилигин алганбыз. Мунун жыйынтыгы жакшы болууда. Бул сыйлык мугалим жана окуучу үчүн стимул болот экен. Мисалы, Ала-Бука районунда жыл сайын республикалык олимпиадалардан байгелүү орундарды ээлеген окуучулар болуп жатат. Сузакта эки жыл мурун олимпиададан балдар жакшы жыйынтык берчү эмес экен. Былтыр ушул маселени колго алып, алар үчүн акча бөлүп, шарт түзгөн элек. Быйыл жыйынтык жакшы, республикалык олимпиададан бир окуучу 2-орунду алып келди», - деди Н.Байбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×