Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2019 16:57 На русском

Жалал-Абадда куралчан киши банкты тоноого аракет кылды. Видео

Turmush -  Жалал-Абад шаарында куралчан киши «Компаньон Банкы» ЖАКтын филиалынын имаратын тоноого аракет кылды. Окуя видеокамерага түшүп калган.

Видеодо бетине медициналык бет кап кийип, колуна курал кармаган адам алгач күзөтчүнү коркутуп, андан кийин кассага барып, кайра күзөтчүгө тапанча кезеген бойдон чыгып кеткен.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, окуя 25-май күнү болгон. Ал имаратты жеке күзөт кызматы көзөмөлдөйт.

Жергиликтүү милициянын маалыматына караганда, бул окуя каракчылык фактысы менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ал эми «Компаньон Банкы» ЖАКтан ушул жылдын 25-майында аталган банктын Жалал-Абад шаарындагы сактык кассасын тоноого аракет болгонун тастыкташты.

Маалым болгондой, аталган окуянын жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес жана мүлк уурдалган эмес. Кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен.

Иштин материалы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

«Компаньон Банкы» ЖАКтын

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×