Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.05.2019 14:03 На русском

Айыл турмушу: Элечек кийген аялдар зыңкыя басып, хондроз менен ооруган эмес, - кара-көлдүк А.Асанбекова (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы «Ак тилек» байбичелер тобу 20-майда жергиликтүү тургундарга бир жылдык отчеттук концертин тартуулашты. Аймактык кабарчы улуттук баалуулуктарды аздектеген топтун негиздөөчүсү жана улуттук кийимдерди тигүү менен алектенген Анаркан Асанбекова менен маек курду.

- «Ак-Тилек» байбичелер тобу эмне максатта түзүлгөн?

- Биздин топтун түзүлгөнүнө быйыл эки жыл болду. Топтун курамында 55 жаштан жогорку 10 байбиче бар. Арабызда дарыгер, медайым, мугалим, тигүүчү, тарбиячы өңдүү ар кайсы кесиптин ээлери бар. Биздин топ жаш муундарга унутта калып бара жаткан улуттук тамак-аш, кийим-кече жана каада-салтты жеткирүү, аларга руханий мурас катары калтыруу максатында түзүлгөн.

- Жакында эле элге тартуулаган отчеттук концерт кандай өттү?

- Отчеттук концертибизди өткөрүүдөн мурун анын программасына өзгөчө көңүл бурдук. Каада-салттарды даңазалоо максатында кыз узатуу, кошок кошуу салттарын сахналаштырып көрсөттүк. Ошондой эле элет жериндеги айымдардын жашоо образын алып, шырдак жасоо, ийик ийрүү, жүн тытуу өңдүү кол өнөрчүлүк көрсөтүлдү. Мындан тышкары аялдардын улуттук баш кийимдерин тигүү, аларды кийүү тартиби, табияты жана анын ден соолукка пайдасы өңдүү маселелерди театралдаштырып көрсөттүк.

- Улуттук баш кийимдердин ден соолукка пайдасын азыркы жаштар биле бербесе керек?

- Ооба, азыр улуттук кийимдер майрамдарда же салтанаттарда гана кийилип калбадыбы. Мурун аялдар улуттук баш кийимдерди күнүмдүк жашоосунда дагы пайдаланышчу. Илгери бели бекчейип баскан кемпир же ичи чыгып, сыны жагымсыз көрүнгөн келиндер болгон эмес. Анткени күнүмдүк жашоодо кийген улуттук кийимдердин ар бири аялдын ден соолугуна пайдалуу болгон. Мисалы чачпак салмактуу келип, чачка тагылып, айымдын тулку боюн элечек менен бирге түз кармап турган. Ал эми диний көз карашта алып караганда, улуттук кийимдер айымдардын жүзүн, чачтарын, колунан башка жерлерин жаап, азыркы хиджаб сыяктуу болгон.

- Аялдардын улуттук баш кийимдеринин өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

- Ар бир баш кийимдин өзүнүн формасына жараша купуя сыры, мааниси бар. Илгери секелек, өспүрүм кыздар чачтарын 40ка бөлүп өрүп, тебетей кийишкен. Ал эми бойго жеткен кыздын чачы 10 чакты өрүлүп, шөкүлө кийген. Турмушка чыгарда кыздын чачы экиге өрүлүп, шөкүлөсү менен узатылган. Келин болгондо элечек кийишкен. Элечек байбиче элечек же казы, хан, токол элечек деп бөлүнгөн. Казы элечек тигилген ак кездемесин каса же даки деп аташкан, анын орому 25-30 жолу болуп, 18-25 метрге чейин кездеме сарпталган. Казы элечекти заңкайтып ороп, көч башында беделдүү, колунда бар, бийлердин, байлардын айымдары кийишкен экен.

Элечектин пайдасы көп. Көчмөн турмушта жашагандыктан көчүп-конуп, жолдо-белде жүргөндө бала төрөп калышса, элечектин кездемесине ымыркайды ороп алышкан. Кокустук болуп, бирөө көз жумса кепин катары колдонушса, кырсыктап жаракат алгандардын жаракатын таңышкан. Ал эми колунда жоктор эки-үч ором кылып кийип алчу экен. Аны «токол» элечек деп аташат. Келин элечектин орому аз жана ар түрдүү болот. Учун жыгып бүктөп койгондуктан, «келин» элечек деп айырмалашчу экен. Элечектин айымдардын түз басып, тулку бойдун түз кармалышына өбөлгө түзгөнүндө. Илгеркилер элечек кийип, зыңкыя басып жүрүшкөн. Алар остеохондроз жана баш оорулар менен ооруган эмес. Анткени баш жылуу жүргөн. Моюнду койкойтуп, сынын чыгарып, жаак бети жабыла оролуп, моюндагы бырыштар жабылып калат. Ошондуктан элечек кыргыз аялдарына ушунчалык жарашат.

- Ал эми белдемчини кандай учурда кийишкен?

- Белдемчи – аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими болуп эсептелет. Аны кызга биринчи баласын төрөгөндөн кийин энеси жасап берген. Белдемчини биринчи кыздын төркүнү кийгизген. Анткени ичи чыкпай, дене бою сындуу болсун, бели катсын, жылуу болсун деп кийгизген. Азыр бардык эле келиндердин ичи чыгып, сыны бузулгандай көрүнөт. Белдемчинин дагы бир жакшы жери кийгенге ыңгайлуу болгон. Атка мингенде, үй тиричиликке, намаз окуганда оңой эле кийип алышчу. Жаштар өңдүү, түстүү кебезден белдемчи тигип кийишкен. Байбичелер кара кыжымдан, байдын аялдары чекелерине кундуз кошуп тиктирип кийишкен. Ошондон ал байдын аялы экендиги байкалып, тигилген кездемесине жараша белдемчи көз болжолу менен бааланган.

- Ал эми «Ак тилек» байбичелер тобу кандай ийгиликтерге жетишип жатат?

- Шаардагы маданий иш-чаралардын баардыгына катышабыз. Республикалык «Шайыр апалар» теледолбооруна катышып, бир катар ийгиликтерге жеттик. 2016-жылы Жалал-Абадда өткөн «Эл арасы - өнөр казынасы» сынагына катышып, каада-салт боюнча экинчи орунду ээлеп, бир катар сыйлыктарга татыдык. 2017-жылы «Энелер элге ыр сунат» аттуу облустук сынакка катышып, ийгиликтүү кайтып келдик. Быйыл апрель айында Ысык-Көлдө өткөн «Шайыр апалар» республикалык сынагынын гала концертине катышып келдик. Ага жети облустан катышуучулар барышты. Жергиликтүү бийликтен тартып, облустук жана республикалык диплом жана грамоталарга татыдык.

- Ыр жаздырып, форма тиктирүүгө жана сынактарга баруу бир топ каражатты талап кылса керек?

- Ооба, форма тиктирүүгө жана ыр жаздырууга өзүбүздүн каражатыбыз кетет. Ал эми жол кирени жергиликтүү бийлик каржылап, колдоп жатышат. Ал эми музыкалык сабатыбыз жок болгондуктан шаарыбыздын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жардам беришет. Сахнага чыгуу, ырдоо эрежелерин үйрөтүп жатышат. Мындан сырткары өзүбүз комузда, ооз комузда ойнойбуз.

А.Асанбекова 1951-жылы Токтогул районунун Кызыл Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 1969-жылы Фрунзедеги СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине барып, 1975-жылы математика факультетин бүтүргөн. Билим берүү тармагында 45 жыл эмгектенген. Алгач эмгек жолун Токтогул районунун Жетиген мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштап, андан кийин Ничке-Сай айылына келин болду. 1974-жылы Кара-Көлгө жолдошунун жумушуна байланыштуу көчүп келип, кийин кайра көчүп кетишкен.

Көп жыл Ничке-Сай айылындагы Малабай Жунусалиев атындагы мектепте иштеген. 2012-2013-жылдары Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылындагы Бабакан атындагы башталгыч класстардын мектебинде директор болуп эмгектенген. Көп жылдык эмгеги үчүн 2005-жылы «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×