Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.05.2019 16:03 На русском

«Башына баштык кийгизип...»: УКМК 26 жаштагы жигиттин арызы боюнча иликтөө баштады. Сүрөт

Turmush -  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы баңгизат сактоого шектелип кармалган 26 жаштагы жигитке карата кыйноо болгондугу боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 4-апрелинде Жалал-Абад облустук прокуратурасына ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында жаткан 1993-жылы туулган Н.Абжал кайрылган. Ал Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган.

Н.Абжал 1-апрелден 2-апрелге карагат түнү 1 кг гашиш сатууга шектелип, Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Токтогул районунан кармалган. Абжал милиция кызматкерлери кылмышты анын мойнуна алдыруу үчүн Жалал-Абадга бара жаткан жолдо ага күч колдонуп, коркутуп, башына желим баштык кийгизип муун тушканын айткан. Аталган факт 4-апрелде Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кыйноо беренесинин негизинде каттоого алынган.

УКМКнын маалыматына караганда, аталган иш андан ары иликтениши үчүн 8-майда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
2019-жылдын 2-апрелиндеги күбөлөндүрүүнүн көчүрмөсүнө караганда, Абжалды облустук клиникалык оорукананын травматологу текшерген. Анын денесинде кандайдыр бир жабыр тартуунун белгилери табылган эмес.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush басылмасы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган Токтогул районунун тургуну милиционерлер тарабынан ур-токмокко алынган деген маалыматты төгүндөгөнүн жазган.

Ал эми Абжалдын апасы Гүлмира Шакирова баласын милиционерлер сабагандыгын айтып чыккан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×