Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуКара-Суу району 25.05.2019 20:27 На русском

Ошто жол тандабас унаа жалдап, жайлоого эс алууга жөнөгөн бүтүрүүчүлөр кармалды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Ош облусунда жайлоого эс алууга жөнөгөн бүтүрүүчүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бүтүрүүчүлөргө ашыкча шаан-шөкөт уюштурууга, кафе-ресторандарда майрамдоого, тоо койнунда эс алууга чыгууга тыюу салган. Анын негизинде Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 7 райондо күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кара-Суу районундагы мектептердин биринде окуган бүтүрүүчүлөр Каратай айылында жол тандабас 2 унаа менен Чайырчык жайлоосуна эс алууга жөнөгөн жеринен кармалды.

Ага кошо Кара-суу районунун Озгур айылындагы орто мектептердин биринин бүтүрүүчүлөрү «Мерседес Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү унааны жалдап алып, шаарга кетип жаткан жеринен кармалды. Унаанын документтери жок болгондуктан айып короосуна токтотулду.

Өз учурунда окуучулар окуган мектептердин директорлору жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган күч органдары чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×