Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.05.2019 16:35

Ала-Буканын Ажек айылынын кире беришине арка курулду

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн Ажек айылынын кире беришине курулган арка салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мухтар Шербаев билдирди.

Анын айтымында, арканы айылдагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган классташтар куруп беришти. Арка боз үйдүн түндүгүн элестетип турат.

Ажек айылы Өзбекстан менен чектешет. Анда 200 түтүндөн ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×