Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.05.2019 14:35 На русском

Жалал-Абад шаарында аскерге чакырылган жигиттер ант беришти

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад шаарындагы №704 аскер бөлүктө аскерге чакырылган жигиттердин ант берүү аземи өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ант берген 70 жоокер ушул жылдын апрель айында аскерге чакыртылган болчу.

«Бүгүнкү күнү Ош, Баткен облустарынан кызмат өтөөгө келген 70 аскер 1 айлык окуу программасын толук үйрөнүп, салтанаттуу түрдө ант беришти. Эми алар күжүрмөн кызмат өтөөгө киришет. Ант берүү аземине шаардык, облустук бийликтин, ИИМдин өкүлдөрү жана жоокерлердин ата-энелери куттуктап келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө алар келген конокторго күжүрмөн даярдыкта үйрөнгөн душмандан коргонуу эрежелерин көрсөтүп беришти», - деди аскер бөлүктүн штаб башчысы Муратали Тиллабердиев.

ИИМдин №704 аскер бөлүгүндө жыл сайын 70тей жаш аскер кызмат өтөөгө келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×