Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.05.2019 18:54

Токтогулдун Кызыл-Ураан айылында 1,4 млн сомго спорт аянтчасы курулду

Turmush -  Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында спорт аянчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аянтча айылдын Боз-Тектир аймагындагы У.Артыкбаев атындагы мектептин жанына салынды. Анын курулушу 2017-жылы башталып, жалпы 1 млн 470 миң сом каражат жумшалган. Курулуш иштерин тендерден утуп алган «Максым-Ата» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Кызыл-Ураан айылында 3500дөн ашык адам жашайт. Негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Элетте 2 мектеп, 1 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×