Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.05.2019 19:54

Чаткалдын өспүрүмдөрү волейбол боюнча республиканын чемпиону болушту

Turmush -  Чаткал районунун өспүрүм балдары волейбол боюнча республикалык мелдеште чемпион болушту. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке өлкөнүн аймагынан келген балдардын тогуз жана кыздардын тогуз командасы катышкан. Балдар арасындагы мелдеште 1-орунду Чаткал районунун командасы, 2-орунду Ош облусунун, 3-орунду Ош шаардык өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөрдү райондун жетекчилиги, маданият үйүнүн өнөрпоздору жана С.Байдөөлөтов орто мектебинин окуучулары салтанаттуу тосуп алышты.

Жаш спортчулардын бешөөнө Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан «Спорттун устаттыгына талапкер» наамы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×