Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.05.2019 13:38

Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы тартип бузуу боюнча эки кызматкерге сөгүш жарыяланды

Turmush -  Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы абал боюнча райондук прокуратура тарабынан ыкчам чаралар көрүлбөгөндүгү боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Токтогул райондук прокуратурасынан билдиришти.

Райондун прокурору А.Мамыров Turmush басылмасына билдиргендей, 2019-жылдын 3-майында райондук прокуратурага Кыйноолорду алдын алуу борборунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кайрылуусу түшүп, анда шектүүлөр жана айыпкерлер тергөө изоляторлоруна которулбай, Токтогул райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып тургандыгы көрсөтүлгөн.

Райондук прокуратура тарабынан аталган кайрылуу боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар аныкталып, 13-майда Токтогул РИИБдин башчысынын наамына ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилип, ушул эле күнү аталган улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнө маалымат берилген. Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен Токтогул райондук ИИБдин башчысынын буйругунун негизинде Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын башчысы Т.А.га жана ИИБдин башчысынын орун басары К.К.га катуу сөгүш жарыяланган. Мындан сырткары, аталган борбор тарабынан Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган 3 адам боюнча соттун камакта кармоо жөнүндө токтому жок экендиги белгиленген.

«Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган шектүү жана айыпкерлердин бөгөт коюу чаралары сот тарабынан тандалып, соттук актылар шектүү жана айыпкерлердин өздүк иштерине тиркелген.

Райондук прокуратура тарабынан Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайы тынымсыз текшерилип, мыйзам бузуучулук аныкталган учурда токтоосуз түрдө прокурордук чаралар көрүлүп келет», - деди прокурор.

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайларда иш сапары менен болгондугун жана Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы тартип бузуулар боюнча билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×