Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 22.05.2019 19:56

Ала-Буканын милициясы окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрдү

Turmush -  Ала-Бука РИИБдин ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан «Спорт — менин ден соолугум» аталыштагы таймаш ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке Ѳрүктү айыл аймагына караштуу 5 мектептин окуучулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында кылмыштуулукту, тартип бузууларды токтотуу, ынтымакты сактоо, зордук-зомбулукка жол бербѳѳ, улуттар арасындагы чыр-чатактын алдын алуу болуп саналат. Мелдештин жеңүүчүлѳрүнө Ала-Бука РИИБдин сыйлоо барактары, атайын кубок тапшырылды.

Спорттук таймаштын алкагында ийгиликке жетишкендерди милиция кызматкерлери куттуктап, алдыдагы акыркы коңгуроо күнүндѳ окуучуларды тартиптүү болууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×