Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.05.2019 14:24 Жаңыланды: 30.05.2019 22:24

Айыл турмушу: Күнөскана татаал жана кирешелүү бизнес, - токтогулдук мугалим

Turmush -  Токтогул районунун Саргата айылынын тургуну Калысбек Сыргабаев 3 жылдан бери күнөскана иштетип, киреше таап келет. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Үч-Терек айыл аймагында алгачкылардан болуп күнөскана курган. Ал күнөсканада помидор, бадыраң, болгар калемпирин өстүрөт.

«Жашылча-жемиштердин көчөттөрүн ачык талаага караганда күнөсканада өстүрүү коопсуз болуп саналат. Тактап айтканда көчөттөр илдет, зыянкечтерден жана жаан-чачындын зыянынан алыс өстүрүлөт. Күнөсканадагы жашылчанын түбү бир жолу жумшартылып, андан соң тамчылатып сугаруу системасы менен өстүрүлөт.

Кышкысын жылуулукту жоготпой кармоодо бир аз кыйынчылыктар болот. Жакшы түшүм алуу үчүн күнөскананын ичиндеги жылуулукту көзөмөлдөп, органикалык жер семирткичтерди колдоном. Күнөскана иштетүүнүн түйшүгү көп болгону менен ал кирешелүү ишкердик болуп саналат.

Февраль айында отургузулган жер-жемиштер бышып, учурда аларды сатыкка чыгарып жатам. Бүгүнкү күндө помидордун 1 килограммын 130 сомдон, бадыраңдын килограммын 40 сомдон сатып жатабыз», - деди дыйкан.

Калысбек Сыргабаев кесиби боюнча мугалим. Ал Саргата айылдагы К.Токторалиев атындагы орто мектепте 20 жылдан ашуун география мугалими болуп эмгектенген. Анын 4 кыз, 3 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×