Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.01.2014 16:17

Токтогул районундагы кар көчкү түшкөн унаа жолдор тазаланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Токтогул районунда кечээ, 23-январда саат 06:30дар чамасында Торкент-Тоолук унаа жолунун 58 жана 65-чакырымдарында (58-чакырымда 2700м³, 65 чакырымда 5250м³) кар көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, унаа жолун тазалоо иштерине ЖЭМ-23 тарабынан 3 бульдозер тартылып, бүгүн, 24-январда саат 11:30да унаа жолу бир изге ачылды. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×