Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.05.2019 09:29

Сузакта колдоого муктаж үй-бүлөлөргө 3 млн сомдук азык-түлүк таратылды

Turmush -  Сузак районунда Рамазан айына карата жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 3 миллион сомдук азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сузак райондук администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Рамазан айында жеке ишкер Э.Сарыбашовдун колдоосу менен элге камкордук көрсөтүлдү.

«Жалпысынан элге 40 тонна күрүч, 16 тонна ун таратылды. Ар бир айыл аймактардан колдоого муктаж деп тизмеге кирген 100дөн ашык түтүндүн ар бирине 10 кг ун, 25 кг күрүч бөлүндү. Мындай жардамдар мындан ары дагы улана берет», - деп билдиришти акимчиликтен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×