Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.05.2019 19:14 На русском

Жалал-Абадда ооруканага оор абалда түшкөн 2 жаштагы кыз көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абадда ур-токмокко кабылганы айтылган 2 жаштагы кыз көз жумду. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаев билдирди.

7-майдан бери комада жаткан кыз бүгүн, 20-майда түштөн кийин көз жумган.

«Кызды жоготуп алдык, бирок юридикалык жагын токтотпошубуз керек. Кимдир бирөө мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Анткени биз кызга зомбулук болгон деп эсептейбиз. Милиция кызматкерлери экспертизанын жыйынтыгы чыксын деп жатышат», - деп билдирди бөлүм башчы.

Анын айтымында, наристенин жакындары аны оор абалга жеткирүүгө катышса жооп бериши керектигин талап кылып, милицияга арыз берген.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 7-майга караган түнү оор абалда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 жашар кыздын окуясын зомбулук катары каттоону өтүнүп, күч органдарына кайрылган. Башкармалыктын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаевдин айтымында, башкармалык райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө жана райондук мамлекеттик администрациясына кайрылды.

«2 жашар кыздын сабалышы боюнча маалымат бизге жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганга чейин жеткен. Бул багытта иш алып барып, күч органдарына маалымат берилген. Райондук ички иштер бөлүмүндө бул окуя кокустук катары катталган. Тартылган видеолорду, кыздын абалын көрдүк. Кокустук эмес экени, токмоктолгону көрүнүп турат. Ошондуктан биздин бөлүм бул окуяны кокустук эмес, зомбулук катары каттоону өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылды. Экинчиден, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүн кыздын мыйзамдуу өкүлү катары бекитүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылдык. Негизи баланын мыйзамдуу өкүлү анын ата-энеси, бир туугандары, таята же таенеси, чоң ата же чоң энеси болушу керек болчу. Кыз өзүнүн жакындарынан жабыркагандыктан мыйзамдуу өкүл катары мамлекеттик мекеме табылышы керек», - деген ал.

Кийинчерээк кыздын апасы Россиядан Кыргызстанга учуп келгени маалымдалган.

Токмоктолгону айтылып жаткан 2 жашар кыз менен бирге 4 жаштагы эжесин таята жана таенеси тарбиялап жаткан. Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүндө ооруканага түшкөн кыз мигранттын баласы катары март айында каттоого алынган.

Соцкызматкерлер окуя болгон үйгө барганда кыздын таякеси анын кулап кеткенин айткан. Алгач Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя кокустук катары катталганын билдирген. Тергөөгө өткөрүлгөндөн кийин ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү фактысы болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган болчу. Ошондой эле экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×