Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 20.05.2019 16:08

Таш-Көмүр—Кызыл-Жар 12 жолунун 28 чакырымын оңдоо пландалууда

Turmush -  Таш-Көмүр—Кызыл-Жар 12 унаа жолунун 28 чакырымын оңдоо боюнча долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына №38 жол тейлөө ишканасынын башчысы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тапшырма берилип, комиссия түзүлгөн.

«Жыл сайын мына ушул Таш-Көмүр—Кызыл-Жар 12 унаа жолун утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 500-600 миң сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалат. Өткөн жылы ушул жолдун 1 чакырымына асфальт төшөө иши планга киргизилген болчу, бирок каражаттын жоктугунан улам быйылкы жылга калтырылган. Ал эми быйыл апрель айынын башында бизге Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан аталган унаа жолдун 28 чакырымын оңдоо үчүн долбоор иштелип чыгуу милдети жүктөлгөн. Анын негизинде Таш-Көмүр шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана Кызыл-Жар айылынын башчысы болуп комиссия түзүп, жолдун кайсыл бөлүгүн оңдоо керектиги текшерилген. Учурда долбоор өкмөткө сунушталышы мүмкүн», - дейт К.Кулматов.

Мындан сырткары ал 2018-жылы ишкана жалпы 2 чакырым 800 метр жолго асфальт төшөгөнүн, быйыл 2 чакырым жолго асфальт төшөө пландалып жатканын айтты. №38 жол тейлөө ишканасында 64 адам иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×