Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.05.2019 10:09 На русском

Лимузин, оркестр жана гүл: Жалал-Абадда энелерди куттукташты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Энелер күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Барпы драм театрында өткөн иш-чара жылдагыдан өзгөчөлөнүп, баатыр энелерди лимузин менен алып келишти. Аларды шаар мэри Мураталы Тагаев менен шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев оркестрдин коштоосунда гүл менен тосуп алышты.

Салтанатта калаа башчысы Мураталы Тагаев энелерди куттуктап, калоо-тилектерин билдирди.

«Урматтуу асылзат апакелер! Ак элечек энелер! Сиздер үчүн бүгүн эле эмес, күн сайын канча мактоо айтсак да аздык кылат. Ар адам жаш курагына карабастан, эне алдында бала бойдон калып, өмүр бою анын мээримин сезет.

Учурда энелерибиз үй-бүлө очогун сактоодо гана эмес өлкөнү өнүктүрүүгө дагы бир топ салымдарын кошуп келишет. Жараткан энекелерибизге ден соолук, узун өмүрүн берсин! Дүйнөдөгү эң мээримдүү, камкор жана боорукерибиз болгон апаларыбызды башыбыздагы кыйын күндө гана эмес, ар дайым эстеп, кадырына жетели! Баарыңыздарды Энелер күнү менен куттуктайм», - деди ал.

Майрам ээлерине концерттик программа тартууланып, Жалал-Абад шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп келе жаткан айымдар Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды. Аларга сыйлыкты эл өкүлү Айнура Осмонова тапшырып, жалпы аялзатын куттуктады. Соңунда жергиликтүү бийлик тарабынан 150 энеге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2012-жылдан бери Кыргызстандын аймагында май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет. Жалал-Абад шаарында «Эне даңкы» наамын 27, «Баатыр эне» наамын 204 эне алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×