Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусу, Токмок 18.05.2019 13:56 На русском

Сейил бакка таштанды ыргыткан адам дүмүрчөк аркылуу билинип калды

Turmush -  Токмок шаарынын кире беришиндеги сейил бактын аймагына белгисиз адамдар таштанды төгүп кетишкен. Ал таштандынын арасында үй тиричилигинен чыккан акыр-чикирлер жана коммуналдык кызматтарга акы төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөк (квитанция) да болгон. Ал дүмүрчөк аркылуу таштандыны ким таштап кеткендиги маалым болгонун аймактык кабарчыга тургундар билдиришти.

WhatsApp Image 2019-05-18 at 13.07.50

«Токмоктун парктарына ушинтип акыр-чикир таштап кетип жатышат. Бул жолу салык жана мэриянын кызматкерлери акыр-чикирди ким төгүп кеткенин аныктап чыгышты. Акыр-чикирдин арасында дүмүрчөктөр бар экен», - деди тургундар.

Токмок шаарынын мэриясы учурда айып пул салуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×