Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.05.2019 18:11

Сузактагы дарыядан 24 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Көк-Арт дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал 15-май күнү табылган.

«Бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзүлгөндө анын токмоктолгону аныкталган эмес. Ошентсе дагы соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында тургун сууга агып, тумчугуп калганы белгилүү болгон.

Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин аны туугандары алып кетишти. Маркум ушул эле райондун Сузак айылынын 1995-жылы туулган тургуну Ш.Я. экени такталды», - деп маалымдашты ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×