Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.05.2019 17:42

Ала-Буканын милициясы акыркы коңгуроого карата ата-энелерге эскертүү берди

Turmush -  Ала-Бука районунда 25-майдагы акыркы коңгуроо жакындаганына байланыштуу мектеп окуучулары жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-16-май күндѳрү Ала-Бука РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Р.Сулаймановдун катышуусунда, райондук мамлекеттик администрациянын ѳкүлдѳрү, билим берүү бѳлүмүнүн кызматкерлери жана айыл башчылар менен биргеликте атайын жыйындар уюштурулду. Иш-чарага ата-энелер да чакырылып, аларды акыркы коңгуроо күндѳрү балдарын кѳзѳмѳлгѳ алып, кѳңүл ачуу иш-чараларынан оолак болууга чакырышты.

Мындан сырткары район аймагындагы билим берүү мекемелерине Ала-Бука РИИБдин ѳздүк курамынан бирден кызматкер бѳлүнүп, үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳрү белгиленди. Жыйын учурунда Ала-Бука РИИБдин башчысы сѳз сүйлѳп, ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Урматтуу ата-энелер, алдыдагы күндѳрү балдарыңыздардын кайда жүргѳнүн кѳзѳмѳлдѳп туруңуздар. Бүтүрүүчүлөрдүн кортеждерде тартипти бузуп жүрүүсү катталса, окуучулар арасында терс жагдайлар орун алса мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Кафе жана ресторандар, район аймагындагы эс алуучу, оюн-зоок жайлары көзөмөлгө алынып, милиция күчѳтүлгѳн тартипте иш алып барат», - деди Р.Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×