Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.05.2019 10:12

Ноокенде 17 жаштагы бала түндө айдап бара жаткан унаа сайга кулады

Ноокенский район
Ноокенский район

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 4:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 508-чакырымында (Кыпчак-Талаа айылы) болгон. Анда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кетип, сайга кулаган. Унаанын 2002-жылы туулган айдоочусу Ч. уулу Б. жабыр тарткан жок. Жерине барган куткаруучулар унааны сайдан алып чыгууга көмөк көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×