Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Нарын облусу, Нарын 15.05.2019 13:52 На русском

Айыл турмушу: Дарыгер А.Калмамбетова Лондондогу медициналык жеңилдиктерди айтып берди

Анара Калмамбетова
Анара Калмамбетова
// Turmush

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчисинин орун басары Анара Калмамбетова 32 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Ал 1963-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Атасы физик-математик, апасы каржы кызматкери болгон. 7 бир тууган.

«1995-жылы Нарын облустук ооруканасына башкы дарыгердин дарылоо иштери боюнча орун басары болуп келдим. 2012-жылдан баштап директордун уюштуруу иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келе жатам. Ага чейин 1887-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин Нарын жергесинде терапевт-дарыгер болуп иштедим. 1992-жылы облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгында облустун башкы терапевти болдум.

Менин кесибим абдан сыймыктуу, өзүмө жагат. Бир чети абдан түйшүктүү. Директордун орун басары болуп эмгектенсем деле дарылоо процесстеринен кетип калбайбыз. Оор абалдагы бейтаптарга жеринде жардам беребиз», - деди ал.

Дарыгер жакында эле тажрыйба алмашуу максатында Лондонго барып келди.

«Жергиликтүү бийлик менен Лондон шаарына тажрыйба алмашуу максатында 5 күндүк иш сапар менен барып келдим. Элдери мыйзам чегинде жашашат. Жергиликтүү бийлиги дагы мыйзамды катуу сакташат экен. Алар жер маселесине катуу карашат экен. Бизде менчикке жер сатылып жатат. Ал жерде 1 чарчы метр дагы элге сатылбайт экен. Болгону жерлер ижарага берилип, андан түшкөн каражат жергиликтүү бюджетти толуктайт. Алардан «эмнеге жер сатпайсыңар?» деп сурасак, «100 жылдан кийин биздин урпактарыбызга кайсы жер калат» дешти. Имараттар дагы көздүн карегиндей сакталып, аябай кооз. Окшош үйлөрдү куруп, эшигинин алдын тосушпайт экен. Айтор, шаардын көркү укмуш. Мындан сырткары балдарга жакшы камкордук көрүлөт экен. Балдарга 16 жашка чыкканга чейин медициналык кызматтардын бардыгы бекер. Балдары 3 жашка чыккыча энелерине кадимкидей декреттик каражат берилип, жумушундагы орду сакталып турат экен. Андан сырткары 16 жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берилет», - деди ал.

Анара Калмамбетова Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланып, «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери», «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамдарын алган. Учурда Нарын шаарынын депутаты, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары да болуп эмгектенип келет.

2 кыз, 2 уулу бар. Жолдошу Ажыбек Мааданбеков көп жылдан бери тиш дарыгери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×