Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.05.2019 10:37 На русском

Энергетиктердин шаары — Кара-Көлдүн тарыхы (сүрөт)

Кара-Көл шаары
Кара-Көл шаары

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин 1996-2008-жылдардагы төрагасы, Токтогул Каскаддар ГЭСинин учурдагы музей көзөмөлдөөчүсү, инженер жана куруучу Сабыржан Токтогулов энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаарынын тарыхы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, азыркы шаар жайгашкан жер Жазы-Кечүү деп аталып, анда эки колхоз болгон.

«Токтогул ГЭСинин курулушу баштала электе бул жерде эки колхоз жайгашкан. Кара-Көл деп аталып калышына Кара-Көл жайлоосундагы 7 көл себеп болгон. Ал жайлоо чоң болгондуктан, тургундар жайы-кышы жашашкан. Ошол жерден агып түшкөн суу Кара-Көл деп аталган. Учурда Жазы-Кечүү айылы жогору жылып, суу түшкөн жер Кара-Көл аймагы деп аталып калган.

1960-жылдары Токтогул ГЭCинин курулушу башталып, 1962-жылы келген куруучулар үчүн мурдагы айылдын ордуна турак жайлар курулуп, мектеп, медициналык тейлөө мекемеси, байланыш бөлүмү ишке кирген. 1962-жылдын 16-июнунда Кара-Көл «шаар тибиндеги кыштак» деген макамга ээ болгон. Кийин шаар кеңейип, инфраструктурасы жакшырган соң 1977-жылдын 17-январында Жалал-Абад облусуна караган шаар деген макамга ээ болгон», - деди С.Токтогулов.

Ал Кара-Көл мурун Комсомольск на Нарыне деп 6 айга жакын аталып, ошол кезде төрөлгөн наристелердин күбөлүгүнө дагы жазылып калганын эскерди.

«1962-жылдары калктын 80%ы комсомолдук жолдомо менен келген 30 жашка чейинки жаштар болгон. Ал кезде шаардагы эң чоң иш-чара комсомолдордуку эле. Анан комсомолдор чогулуп, конференция өтүп жатканда жаштар: «Биз өлкөдөгү чоң ГЭСти куруп жатсак, жашаган жерибиздин аталышы өзүнө шайкеш келбейт. Ошондуктан ага жакшы ат коюшубуз керек» деп билдиришкен. Анан алар чогулушта шаарга Комсомольск на Нарыне деген жаңы ат беришкен. Ошол кезде төрөлгөн ымыркайлардын күбөлүгүнө дагы жердин жаңы аталышы жазылып калган. Кийин аксакалдар жогорку органдарга кайрылып, жердин тарыхый аталышын кайтарып берүүнү өтүнүшүп, шаар кайрадан Кара-Көл деп аталып калган экен. Былтыр жердештердин чогулушунда чет өлкөдөн келгендердин бири күбөлүгүндө туулган жери Комсомольск на Нарыне деп жазылганын көрсөткөн эле», - дейт ал.

Анын айтуусунда, Кара-Көл жайлоосундагы көлдү орус улутундагылар «мертвое море» деп айтышкан.

«Ошол убакта алар балыктарды көбөйтүү максатында Кара-Көл жайлоосундагы Кара-Көл көлүнө балыктарды кое беришкен. Бирок эртеси балыктын баары көлдүн бетине калкып чыгып калган экен. Ошондон улам алар көлдү «мертвое море» деп аташса керек», - деди ал.

Анын маалыматына караганда, учурда Кара-Көл шаарында 25 миң 860 киши жашайт. Шаарга буга чейин 10 мэр башчылык кылып, 31 депутаттан турган шаардык кеңеш иштеп келет. Шаардын аймагында стратегиялык маанидеги Күрп-Сай жана Токтогул ГЭСтери жайгашып, аталган ГЭСтер өлкөнүн 80%ын энергетика менен камсыз кылат. Ошол себептен Кара-Көл шаары гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары деп айтылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×