Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.05.2019 20:26

Кара-Көлдөн быйыл ажылык сапарга 4 киши барат

Turmush -  Кара-Көл шаарынан быйыл ажылык сапарга 4 киши барат. Бул тууралуу имам Б.Керезбаев билдирди.

Анын айтуусунда, төрт адамдын бири аял, калганы эркек кишилер.

«Керектүү документтер такталган соң, тийиштүү төлөмдөр төлөнүп, виза ачылган. Июль айынын соңунда Меккеге жөнөгөнү турушат. Ага чейин биз ажылык сапардын шарттарын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ажыга баруучулардын эң улуусу 85 жашта, калганы жаштар», - деди Б.Керезбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×