Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.05.2019 17:53

Жалал-Абадда мунай базасындагы өрттүн болжолдуу чыгымы эсептелди

Turmush -  10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районунда мунай базасында чыккан өрттөн улам жалпысынан болжол менен 650 тонна дизелдик отун, 70 тонна бензин күйгөн.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, өрт кыргыз-өзбек-азербейжан «Жалал-Абад мунай иштетүүчү заводу» ЖЧКсынын базасынан чыккан. Мындагы мекеме тилсиз жоодон келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы боюнча акт түзгөн.

Маалыматка караганда, алдын ала келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 63-64 миллион сомду түзүүдө. Акт түзүлүп, жарандык коргонуу боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн.

Болжолдуу чыгымдын суммасын аталган ЖЧКнын өкүлдөрү да тастыкташты. Кырсыктын себептерин тактоо үчүн ӨКМдин алдындагы өрттү сыноо лабораториясынын эксперттери да чакыртылган. Буга чейин маалымдалгандай, 10-майда мунай базасында чыккан өрт 14 саатта толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 2 резервуар күйгөн. Тактап айтканда 1000 тонна мазут жана 1000 тонна күйүүчү май күйгөн. Калган эки резервуарга өрт жеткен жок. Мазутту кайра иштетүүчү жайда 1000 тонналык 4 даана резервуар, 2000 тонналык 4 даана резервуар жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×