Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 14.05.2019 17:07

«Россиядан келген энеси шок болду»: Эки жашар кыздын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү оор абалда ооруканада жаткан кыз менен энесин коргоо үчүн жактоочулар менен сүйлөштү. Бул тууралуу үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ кыздын энеси Россиядан келди. Аны менен социалдык кызматкерлер сүйлөштү.

«Энеси менен сүйлөштүк. Азыр ал шок абалда болууда. Эне жана баланы коргоо үчүн «Адилеттүүлүк» уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Алар акысыз кызмат көрсөтө турган болушту. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, алгач алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул иш кокустук катары катталган болчу. Тергөөгө өткөрүлгөндөн кийин ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Экспертиза дайындалып, тергөө жүргүзүлүп жатат.

«Ушундай оор абалда жатса анда эмнеге денеге оор залал келтирүү боюнча иш козголбойт?» деген суроолор болууда. Кокустук болуп, башынан жаракат алганы башка факт. Денесин чымчыгандыгы боюнча денеге анча оор эмес залал келтирүү болуп каралып жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө таенеси ургандыгы аныктала турган болсо бул берене дагы өзгөртүлөт. Наристенин 4 жашар эжеси таенесине жыгылып калды деп айтып келгенин көргөндөр бар экен», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү милиция кокустук катары каттаган фактыны балага карата физикалык зомбулук болгон деп каттатууну өтүнүп, милицияга, прокуратурага кайрылышканын билдиришкен болчу. Социалдык кызматкерлер бала ур-токмокко кабылган деген пикирди айтышууда. Акыйкатчылар да бала токмокко кабылышы мүмкүн деген пикирде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×