Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.05.2019 15:14 На русском

Жалал-Абадда энеси чынжырлап кеткенде үйүнөн качып чыккан окуучу кыздын абалы кандай?

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы автобекетте ушул жылдын 17-февралында колу чынжырланган, жылаңайлак жүргөндө табылган кыз учурда шаардагы реабилитациялык борборлордун биринде жашап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Батима Токбаева билдирди.

Анын айтымында, кыздын апасы борборго келип, кызынан кабар алууда.

«Кыз мектепке барып жатат, окууга катышуусу жана жетишкендиктери жакшы. Өткөндө апасы менен беттештиргенде кучакташып ыйлашкан экен. Кыз дагы үйүмө кетем деп жатат. Жаңы келген учурга салыштырмалуу кыйла токтолуп калды. Апасы мага бир аз убакыт бергиле деген экен. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатат окшойт», - деп билдирди Б.Токбаева.

Буга чейин маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарындагы автобекетте ушул жылдын 17-февралында колу чынжырланган, жылаңайлак жүргөн кыз «атама барам» деп ыйлаган абалда Ноокен районуна кетчү унаага отурууга аракет кылган. Чынжырланган кыз боюнча түшкөн кабардын негизинде аны Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери алып кетишкен. Бул кыздын абалы боюнча ошол эле күнү мэриянын, шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, мугалимдердин катышуусунда териштирүү жүргүзүлгөн.

Шаардык билим берүү башкармалыгы ал кыз жакшы окуган алдыңкы окуучулардын катарын толуктай тургандыгын айтышкан болчу. Апасы менен бирге турууну каалабагындыгын айткан өспүрүм кыздын пикири эске алынып, 6 айга реабилитациялык борборго жайгаштырылган.

Ал эми апасы социалдык кызматкерлер менен сүйлөшүүдө кызы бир топ жолу эскерткенине карабастан башка кыздарга кошулуп, көчөгө көп чыгып, үйдөн качып кетип жаткандыгын жана ал аргасыздан ошол күнү кызынын колун чынжырга байлап койгондугун билдирген болчу.

Ал эми милиция бул факт үй-бүлөлүк зомбулук деп каттаган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×