Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.05.2019 09:50

Жалал-Абадда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майыптардын үй-бүлөсүнө үй куруп жатышат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жумушка жараксыз үй-бүлө үчүн турак жай куруп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Т.Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Тойгонбай Кошматов атындагы мектебинин 1982-жылкы бүтүрүүчүлөрү майрамдык кече уюштуруунун ордуна, кайрымдуулук иш жасоону чечишкен. Учурда классташтар командир Мамаевдин үй-бүлөсүнө үй куруп жатышат.

Демилгечилердин бири Жеңиш Сактанбаевдин айтымында, курулушка 1 млн сомго жакын каражат жумшалат.

«Командир Мамаевдин үй-бүлөсүнүн жашоо-шартын кичинекейибизден эле билчүбүз. Ага жардам берүү демилгесин баары колдошту. Классташтарыбыздын көбү Россияда эмгектенишет. Жалпы 30 классташ акча чогулттук. Бул төрт бөлмөлүү үйдүн курулушуна 1 миллион сомго жакын каражат жумшалат. Үйдүн ичи жасалгаланып, короосу жана дааратканасы менен бирге салынып жатат. Акыркы коңгуроо салтанатына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Командир Мамаев, жубайы, баласы, келини жана небереси 1-2-топтогу майып. Мындан улам айыл эли бул үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берип турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×