Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.05.2019 09:00 На русском

Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды

Turmush -  11-майда Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул туралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аны текшерүү учурунда жанынан 327 гр салмактагы гашиш табылган. Кармалган адам буга чейин бир нече жолу соттолгон.

«Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине баңгизат каражаттары менен соода жүргүзгөн адам жөнүндө маалымат түшкөн. Мындан улам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. 11-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Базар-Коргон районунун Сай-Коргон аймагында аталган адам баңгизат менен кармалды. Ал Базар-Коргон районунун 1975-жылы туулган тургуну К.Ш. экени аныкталды. Аны текшерген учурда жанынан төрт бурчтуу формадагы, өзгөчө жыты бар, кара-күрөң түстөгү 327 гр болгон 33 даана гашиш табылды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Шектүү Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×