Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2019 17:46

Жалал-Абадда жылаңач жүргөн кишинин окуясын милиция териштирүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борборунда эркек кишинин жылаңач жүргөнү тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кылмыш иши козголуп, видеодогу адамдын өздүгү такталганын билдиришти.

«Бул факты боюнча эч ким милицияга арызданган эмес. Бирок видеонун негизинде материалдар топтолуп, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштык катары катталды. Учурда бул видео эмне себептен жана ким тарабынан тартылганы аныкталып жатат. Ал эми видеодогу жаран арыз жазуудан баш тартты», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, видео 11-майда тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×