Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2019 17:20 На русском

Соцкызматкерлер 2 жашар кыздын сабалганын кокустук деп каттаган милициядан ишти кылмыш катары кароону суранышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 жашар кыздын окуясын зомбулук катары каттоону өтүнүп, күч органдарына кайрылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, башкармалык райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө жана райондук мамлекеттик администрациясына кайрылган. Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери кыздын жанында болууда.

«2 жашар кыздын сабалышы боюнча маалымат бизге жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганга чейин жеткен. Бул багытта иш алып барып, күч органдарына маалымат берилген. Райондук ички иштер бөлүмүндө бул окуя кокустук катары катталган. Тартылган видеолорду, кыздын абалын көрдүк. Кокустук эмес экени, токмоктолгону көрүнүп турат. Ошондуктан биздин бөлүм бул окуяны кокустук эмес, зомбулук катары каттоону өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылды. Экинчиден, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүн кыздын мыйзамдуу өкүлү катары бекитүү өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылдык. Негизи баланын мыйзамдуу өкүлү анын ата-энеси, бир туугандары, таята же таенеси, чоң ата же чоң энеси болушу керек болчу. Кыз өзүнүн жакындарынан жабыркагандыктан мыйзамдуу өкүл катары мамлекеттик мекеме табылышы керек. Азыр кызга туугандарын дагы киргизбөөгө көмөк көрсөтүүнү суранып жатабыз», - дейт ал.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө дагы кайрылуу болгон. Акыйкатчылар кайрылуу келип түшкөнүн, кыздын абалын көрүп келишкенин, мыйзамдуулугун көзөмөлгө алуу үчүн облустук прокуратурага кайрылышканын белгилешти.

Маалым болгондой, кыздын энеси бүгүн Россиядан Кыргызстанга учуп келет.

Токмоктолгону айтылып жаткан 2 жашар кыз менен бирге 4 жаштагы эжесин таята жана таенеси тарбиялап жаткан. Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүндө ооруканага түшкөн кыз мигранттын баласы катары март айында каттоого алынган.

Кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер анын мээсине кан уюп, мээси чайкалганын айтышууда.

Соцкызматкерлер окуя болгон үйгө барганда кыздын таякеси анын кулап кеткенин айткан. Ал эми буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя кокустук катары катталганын, кыздын жакындары тепкичтен кулап, башы менен түшкөнүн айтып жатышканын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×