Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2019 11:36 На русском

«Тынчтыктын кадырына жетели»: Жалал-Абаддагы ардагерлер согушту эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланса, 29 адам «Даңк» орденине татыктуу болуп, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон. Согушта 90 миңден ашык кыргызстандык курман болсо, 5 миңден ашуун адам дайынсыз жоголду.

Жалал-Абад дубанынан 33 миңге жакын жоокер согушка аттанса, 18 миңдейи кайтпай калган. Бүгүнкү күндө облус боюнча согуштун 46 ардагери калды. Аймактык кабарчы элге тынчтык жашоону тартуулаган согуштун ардагерлерин тизмектеди.

1. Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Абдураим Кадыркулов 1945-жылдын январь айында 18 жашында согушка жөнөтүлгөн. Орусиянын Курск облусунда салгылашып, согуш талаасында үч немисти кармап келген. Эки күн наар татпаган жоокер командирден: «Сыйлыктын ордуна бөлкө нан бергилечи» деп суранганы азыркыга чейин эсинде. Мекенине 1947-жылдын февраль айында кайтып келген. Ал келгенге чейин ата-энеси жана бир тууганы көз жумуп, аны эки карындашы тосуп алган.

1

2. Сузак районунун Таштак айылынын тургуну Шабдан Нарматов 1945-жылдын январь айында кан майданга аттанган. Ал Белоруссияда аскердик артиллерияга бөлүнгөн. Ардагер ал учурду: «7-классты бүткөндөр алдыга кадам таштагыла дешти, биз чыктык. Бир аз сабаттуу дешип, бизди артиллерияга бөлүштү. 4-5-классты бүткөндөрдү пулемёт атканга, калгандарын пехотага жөнөттү. Өкүнүчтүүсү пехотага кеткен балдардын бири да кайтып келген жок. Замбиректин огу 70 килограмм салмакта эле. Эки жоокер көтөрүп келип, замбиректин оозуна коюп, анан түртүп жиберебиз. Ал алыска барып жарылат. Душмандар майтарылып жатканын билген жокпуз. Кийин бизге ок түшкөн жерлерди көрсөтүштү, ок түшкөн жерлер оюлуп эле кетиптир. Биз көксөгөн Улуу Жеңишти укканыбызда бири-бирибизди кучактап ыйладык», - деп эскерди.

94 жаштагы ардагердин 4 уулу, 4 кызы бар. Ал 30 жылдай мугалимдик кесипти аркалаган.

2

3. Жалал-Абад облусунун тургуну Мамасали Жумаев 1944-жылы согушка жөнөп, 1950-жылы кайтып келген. Ал согуштун апааттуу күндөрүн эстегени менен кызмат өтөгөн жерлерин эстей албайт. Ардагер: «Согуш болбосун! Немистерди кыйынчылык менен жеңгенбиз. Ачка калган күндөр көп болгон», - деп эскерет.

Ардагер 5 уул, 4 кыздын атасы.

3

4. Курманбек айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылынын тургуну Кимсан Курбаналиев 1926-жылы туулган. Анын жаштыгы согуш мезгилине туш келди. 8 жашында атасынан ажыраса, 12 жашында агасы Дүйшөнбөй согушта каза болгон. 4-классты бүткөндө колхоздо табелчи болуп иштеген. 1944-жылы аскерге чакыртылып, согушка жөнөгөн. Ардагер согуш тууралуу: «Өлүп жаткан жоокерлердин чөнтөгүндө калып калган картөшкө, кесим нандарды алып жеген күндөр болгон. Далай жоокер көз алдыбызда окко учту», - деп эскерет.

Ал согуштан кийин талкаланган аймактарды калыбына келтирүү иштерине тартылган. Ардагер 3 уул, 1 кыздын атасы.

21

5. Тецкий Николай Харитонович 1926-жылы Сузак районуна караштуу Михайловка айылында туулган. 1944-жылы армияга чакыртылып, Белоруссиянын 3-фронтуна, андан кийин Түштүк Батыштагы 39-армияга жөнөтүлгөн. Согушта айдоочу болуп, согуш талаасында курман болгон жоокерлерди жана азык-түлүктөрдү ташыган.

8

6. Сафин Гаффан Вильданович 1925-жылы Башкир Республикасынын Миронов районунда туулган. 15 жашында атасы каза болуп, аны апасы Өзбекстандагы интернатка жиберген. 1943-жылдын январь айында советтик армияга чакыртылган. Ошол эле жылдын май айына чейин 3-гвардиялык полктун 15-авиадивизиясында кызмат өтөгөн. Андан кийин 4-украиналык фронтто учактарды тейлөө боюнча инженер-механик болуп иштеди.

Гаффан ата Улуу Ата Мекендик согуштун «Кызыл Жылдыз», «Жуков» ордендери менен сыйланган.

9

7. Костяная Елизавета Григорьевна 1925-жылы Москва облусунда туулган. 1943-жылы советтик армияга чакыртылып, Москванын тегерегиндеги зениттик артиллериялык дивизиясынын 198-бөлүгүндө атуучу болуп кызмат өтөгөн. Ошол эле 1943-жылдын декабрь айында башына ок тийип, кайтып келген.

8. Григорьев Александр Андреевич 1924-жылы Россиянын Челябинск облусунда туулган. 1943-жылдан 1945-жылга чейин Украина фронтунда полктун аткычы болуп, Берлин, Прага аймактарында согушкан. 1947-жылы кайтып келген.

11

9. Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургуну Токтосун Нарматов 1942-жылы өзү теңдүүлөр менен согушка жөнөтүлгөн. Ал Волгоградда болуп, душмандарды майтарууга бар күчүн жумшаган жоокерлердин катарын толуктаган. 1945-жылы өз мекенине кайтып келген.

95 жаштагы ардагердин 7 баласы, 34 небере, 66 чөбөрөсү бар.

10. Кыргызбай Юсупов Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 1924-жылы туулган. Каргашалуу согушту эстегенде көзүнө жаш алат. Анткени тагдырындагы оор жана кайгылуу күндөрү ошол мезгилде калган.

16

11. Сейдигум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну Жоробай Ашуров 105 жашта. Кылымдын кырын ашкан ата согуш апаатын үшкүрүк менен эстейт. Ал кийинки муунду тынчтыктын, бейпил жашоонун кадырына жетүүгө чакырат. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жаткан ардагер 4 уул, 2 кыздын атасы.

15

12. Кеңеш айыл аймагынын тургуну, ардагер Эргеш Темиркулов экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Берлинге армияга жиберилген. Аскердик милдетин аткарып жүргөн мезгилде согуш башталып, ал тарапка жөнөтүлгөн. Согушта жаракат алып, 1946-жылы өз үйүнө кайтып келген. Ал 2 уул, 3 кыздын атасы.

13. Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургуну Алиш Асанов 19 жашында душмандарга каршы күрөшүүгө аттанган. 1947-жылы гана мекенине кайтып келген.

14. Ардагер Арзыкул Мамарасулов Ноокен районунда 1921-жылы туулган. 1941-жылы советтик армияга чакырылып, 1942-жылы согушка жөнөтүлгөн. Ал согушта фашисттерди жок кылуу учурунда жаракат алып, Баку шаарындагы санитардык бөлүмгө жеткирилген. 1943-жылы 2-топтогу майып катары кайтарылган.

19

15. Ардагер Ормон Дадажанов 1926-жылы Ноокен районунун Масы айылында туулган. Бала кезинде мектепке барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Эки инисин багуу үчүн жаштайынан жалданып иштеген. 1945-жылдын башында аскерге чакыртылып, Владивостоктогу №1249 аскер бөлүккө барып түшкөн. 1950-жылы «Японияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланып, аскерден бошотулган.

16. Насирдин Нармырзаев Ала-Бука районуна караштуу 1-май айыл аймагында 1923-жылы туулган. 22 жашында Орусиянын Острогожск шаарында согушка катышкан. Согуш аяктагандан кийин Сахалинде орус-япон согушуна дагы жөнөтүлгөн. 1948-жылы айылына кайтып келген.

6

17. Майлуу-Суу шаарынын тургуну Ташбулат Абдуллаев Советтер союзунун маршалы Жуковдун командасында кызмат өтөгөн. 1943-жылы советтик армияга чакыртылып, Казакстанда 4 айлык окуудан кийин эле согуш талаасына жөнөтүлгөн. Адегенде Жуковдун командасына түшкөн. 1944-жылы салгылашта катуу жаракат алып, бир бутунан ажырып, абалы жакшырганда айылына жөнөтүлгөн. Апааттан экинчи топтогу майып болду.

4

18. Майлуу-Суу шаарынын ардагер жашоочусу Болуш Кадыркулов 1925-жылы туулган. Ал 18 жашка толгондо немистердин мизин майтарууга бел байлаган. Согуш аяктагандан кийин гана мекенине аман-эсен кайтып келген.

5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×