Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.05.2019 09:43

Кара-Көлдө №718 аскер бөлүктүн өкүлдөрү ооруктун жалгыз ардагерин куттукташты

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүктүн өкүлдөрү ооруктун эмгекчисин жана согуштун ардагерлеринин жесирлерин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттукташты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алар ИИМдин ички аскерлер түзүмүнүн башчысы, полковник Исламбек Кенжекуловдун куттуктоосун жеткиришип, аларга материалдык жардам көрсөтүштү.

Буга чейин маалымдалгандай, Кара-Көл шаарында ооруктун 1 эмгекчиси менен согуштун катышуучуларынын 5 жесири каттоодо турат. Жеңиш күнүнө карата республикалык бюджеттин эсебинен ооруктун эмгекчиси Айша Тагаевага 10 000 сом, жергиликтүү боюджеттен 2000 сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми согуштун катышуучуларынын 5 жесиринин ар бирине жергиликтүү бюджеттен 1000 сом жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×