Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.05.2019 20:57

Айыл турмушу: Таажы жасаган Г.Эргешованын көздү уялткан эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 26 жаштагы тургуну Гүлбара Эргешова 3 жылдан бери асем буюмдарды жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү ал интернет булактарынан үйрөнгөн.

«Интернеттен таажынын жасалышын көрүп, аны өз алдымча жасап көрдүм. Ошентип өзүмдүн фантазияма жараша түрдүү таажыларды жана асем буюмдарды жасап баштадым. Башында Балдар чыгармачыл үйүнүн токуу ийриминин жетекчиси Токтокан Чокоеванын мастер-класстарына катышып, шуру түйүү боюнча бир катар ыкмаларды үйрөнгөм. Т.Чокоева менин асем буюмдарды жасоомо түрткү болду», - деди Г.Эргешова.

Анын айтуусунда, бул иш ага ырахат тартуулайт.

«Менин эмгектеримди кымбат деп айткандар дагы бар. Бирок ага ошончолук кымбат таштар, шурулар кошулуп, колго жасалат. Мындан тышкары, шаардагы сулуулук салондордун биринде айымдардын тырмактарын жасалгалап берем. Колго жасаган буюмдарымды салонго коюп коём, кээ бир кардарлар жакканын сатып алышат. Көбүнчө үйлөнүү үлпөт тойго даярдалган таажыларды көп алышат. Асем буюмдардан тышкары, колуктунун гүлдестесин жасайм. Мындай кол өнөрчүлүк мага ырахат тартуулайт.

Бир таажыны жасоодо 1000 сомдон 1500 сомго чейин чыгым кетет. Анткени таштары кымбат. Көбү таажыны жасоодо клей менен жабыштырып коюшат. Анда тез эле көздөрү түшүп калат. Мен болсо ар бир ташты, шуруну зым менен кооздоп, токуп чыгам. Бул көпкө сакталат, көздөрү да түшпөйт. Ар бир таажыны жасоого 2-3 күн убактым кетет. Май айында кардарлар көбөйүп, мектептин бүтүрүүчүлөрү таажыларды сатып алышат же ижарага алып кетишет. Негизи бир таажынын баасы башка жерлерде 2500-3000 сом экенин көрүп жүрөм», - деди ал.

Гулбара Эргешова кесиби боюнча эсепчи жана дизайнер-конструктор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×