Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.05.2019 14:57

Кара-Көлдүн өнүгүүсүнө салым кошкон эң жаш адистер сыйланды

Turmush -  Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон эң жаш адистер сыйланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сыйлоо аземине шаар башчысы И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышты.

Иш-чара шаардын жаштар кеңеши тарабынан 8-майда уюштурулуп, анда шаардын эң жаш ишкерлери, дарыгери, милиция кызматкери, мугалими жаштар кеңештин грамоталары менен сыйланышты.

Алар:

1. Мурзабай кызы Аида — дарыгер, шаардык оорукананын терапия бөлүмүнүн башчысы;

2. Абакираалы уулу Омурулан — милициянын старшинасы;

3. Нурбаев Бактияр — капитан, №718 аскер бөлүгүнүн кызматкери;

4. Калыбеков Медербек — Токтогул Каскаддар ГЭСинин энергетиги;

5. Айбекова Акжибек — №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын математика мугалими;

6. Ирисалиев Эрлан — №30 Жол тейлөө ишканасынын IT оператору;

7. Кызалаков Мирбек — шаардагы «Каскад» такси каттамынын негиздөөчүсү жана жетекчиси;

8. Чилетиров Мелис — «Мүрөк-к» кайрымдуулук коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси;

9. Мейманов Максат — Кара-Көлдөгү эң жаш жеке ишкер;

10. Тургуналиев Айбек — спортчу, эрежесиз эр уруш боюнча Украинада өткөн турнирде 1-орунду ээлеген;

11. Анарбек уулу Абдусалим — 10 жылдан бери чач тарач болуп иштейт;

12. Ажыкулова Чынара — стилист жана чач тарач, эң жаш адис;

13. Золотбеков Атай Золотбекович — «Блэк Лейк Сити» инстаграм баракчасынын администратору;

14. Аскарбеков Тилек — Кара-Көлдөгү эң жаш ишкер. Ал тоок ферма иштетип, аары багуу иштери менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×