Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 11.05.2019 13:45

Сузакта согуштун 8 ардагери сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунда 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач райондук администрациянын алдындагы аянттан Жеңиш багына чейин «Өлбөс полк» жүрүшү болуп, тургундар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.

«Өлбөс полкко» чыккан райондун тургундары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Жеңиш багындагы Эркиндик эстелигине жана өчпөс отко гүлчамбарларды коюп, согушта курман болгон жоокерлерге арнап куран окушту. Ошондой эле, аза күтүү мүнөтү жарыяланып, аскердик залп атылды. Андан соң райондогу согуштун 8 ардагерине сый көрсөтүлүп, тигилген чатырда аскердик ботколор берилди.

«Райондо согуштун 8 ардагери калды. Иш-чарага 7 ардагер келип катышты. «Өлбөс полк» жүрүшүнө 1000ден ашык адам чыгып, согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Мындан сырткары ардагерлерибиз үчүн сый тамак дагы уюштурулган», - деди Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев.

Сузак районунан 19322 жоокер кан майданга аттанып, андан 1257 жоокер согушта дайынсыз жоголсо, 4441 жоокер курман болгон. Ал эми 13624 аскер мекенине жеңиш менен кайтып келген.

.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×