Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 14:57 На русском

Нефтебазадагы өрт: Живпромдогу тургундар үйлөрүн кулпулап, аймактан чыгып кетишти

Turmush -  Жалал-Абадда нефтини кайра иштетүүчү пунктан чыккан өрттөн улам Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын Живпром участкасындагы эл эвакуацияланды.

Маалым болгондой, Живпром участкасында 2 миңдей калк жашайт. Бул тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп, документтери менен коопсуз жайга чыгуу керектиги айтылды. Андан кийин тургундар үйлөрүн кулпулап, аталган аймактан чыгып кетишти.

Аймактык кабарчы билдиргендей, өрт чыккан жайда облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев, анын орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы К.Жолдошов, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурдин Эрматов, шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган бийлик өкүлдөрү жүрөт.

«Башкысы өрт орун алып жаткан жайдын жанындагы эл чыгарылды. Адамдарга зыяны тийген жок», - деди К.Сатыбалдиев.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена) тартылууда.

«Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ӨКМдин басма сөз кызматы 1995-жылы туулган жаран Ж.Б. жабыркап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилгенин кошумчалады.

Нефтебаза «Томас» ЖЧКсына таандык. Tazabek басылмасынын маалыматында, компаниянын жетекчиси — Токомбай уулу Жоомарт, ал эми уюштуруучулары — Ташиев Казыбек Кыдыршаевич менен Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×