Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 14:44 На русском

Нефтебазадагы өрт: Бир өчүрүүчүнүн денеси, экинчисинин бети күйдү. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында нефтебаза өрттөнүп жатат. Аны өчүрүп жаткан учурда эки өрт өчүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бир кызматкер денесине 50% күйүк алды. Ал эми экинчи кызматкердин бети күйдү. Алар ошол замат ооруканага жеткирилди.

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак аймагынын айыл башчысынын айтымында, нефтебазанын аймагында жашаган тургундар жарым сааттын ичинде эвакуацияланды. Бул аймакта жалпы 2000 адам жашайт. Алардын баары коопсуз жерге чыгарылды.

Нефтебаза «Томас» ЖЧКсына таандык. Tazabek басылмасынын маалыматында, компаниянын жетекчиси — Токомбай уулу Жоомарт, ал эми уюштуруучулары — Ташиев Казыбек Кыдыршаевич менен Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×