Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.05.2019 17:50

Сүрөт — Базар-Коргондо «Өлбөс полк» акциясы өттү

Turmush -  Базар-Коргон районунда 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Өлбөс полк» акциясы өтүп, ага 500дөй адам катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акцияга ЖКнын депутаты Таалайбек Масабиров, райондун акими Айбек Бегимкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Алар Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгон аталардын сүрөттөрүн көтөрүп, 3 чакырым аралыкты жөө басып өтүштү.

Учурда райондо согуштун 11 ардагери калган. Алардын ичинен Жеңиш майрамына арналган иш-чарага 4 гана ардагер келип катышты. Калгандары ден соолуктарына байланыштуу үйлөрүндө.

Райондон согушка жалпы 4419 жоокер аттанган. Алардын ичинен 1404 жоокер кайтпай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×