Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.05.2019 14:21

Чаткалда тургундар нааразы болгондон кийин көпүрө оңдоого 11 млн сом бөлүндү

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан кийин эски көпүрө оңдолуп баштады. Бул тууралуу айыл башчысы Кайнарбек Рысбай уулу билдирди.

Анын айтымында, көпүрө Айгыр-Жал айылын райондун борбору менен байланыштырып турат.

«Жергиликтүү тургундар жаңы көпүрөнү оңдоп берүү талабын коюп жатышкан. Учурда эски көпүрө жол тейлөө ишканасы тарабынан оңдолуп баштады. Мындан сырткары жаңы көпүрөнү оңдоо иштерине кен казган компания тарабынан 11 млн сом бөлүндү», - деди айыл башчы.

Бул көпүрөнү 2 жыл мурда сел алып кеткен. Анын оңдолбой жатканына тургундар нааразы болуп чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×