Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.05.2019 15:34

Чаткалда 2 жыл мурун сел алып кеткен көпүрө оңдолбогонуна тургундар нааразы

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары 2017-жылы сел алып кеткен көпүрө оңдолбой жатканына нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Тургундар көпүрөнү кен казган тарап оңдоп берүүнү убадалап, бирок оңдобой жатканын айтууда.

«Айылга 2 жыл мурун курулган жаңы көпүрөнү сел алып кеткен. Аны кен казган компания оңдоп беребиз деп убадалаган. Бирок көпүрө азыркы күнгө чейин оңдолбой жатат», - дешти тургундар.

Айгыр-Жал айылынын башчысы Кайнарбек Рысбай уулу жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча бир нече жолу чогулганын билдирди.

«Бул айыл менен райондун борборун бириктирген көпүрөнү 2017-жылы сел жараксыз абалга келтирген. Бирок азырга чейин оңдолбой турат. Эл бул маселе боюнча бир нече жолу нааразычылык акциясына чогулду. Эл көпүрөнү оңдоп берүүнү талап кылып келет», - деди К.Рыспай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×