Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАксы району 04.05.2019 16:40

Аксынын Ак-Жол айыл аймагында сел каптаган жолдор тазаланып жатат

Turmush -  2-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында сел жүрүп, 5 үйдүн жана Шынаа аймагында 2 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан үйлөргө зыян келтирилген жок. Сел суулары үйлөрдөн тышкары Райкомол–Кечүү унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол–Кечүү унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, бирок унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Аталган жерлерге №38 жол тейлөө ишканасынан 8 кызматкер, 1 грейдер, 1 самосвал, 2 жүктөгүч тартылган. Алардын жардамы менен унаа жолдун 2500 метр аралыгы тазаланды. Тазалоо иштери бүгүн, 4-май күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×