Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуСузак району 03.05.2019 14:18 На русском

Сузакта окуучу токко урунуп каза болду

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында мектеп окуучусу кокустан токко урунуп каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 28-апрелде болгон.

«Ал үйүндөгү мончого от жагып, бирок от тутанбагандыктан үйүнүн чатырына чыккан экен. Морун тазалайм деп жатып кокустан токко урунуп, каза болуп калды. Бала ооруканага жетпей үзүлүптүр», - дешти алар.

Маркум Ш.Б. К.Төрөмаматов атындагы мектепте 9-класста окуп жаткан.

Милиция окуяны ырастап, кокустук катары катталганын жана ата-энеси эч кимге доосу жок экенин билдиргенин маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×