Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуАксы району 03.05.2019 10:43

Аксыда турак үйлөрдү сел каптап, ички жолдор бузулду

Turmush -  Аксы районунда жүргөн сел турак үйлөрдү каптады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2-май күнү саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн чарбактарын каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Мындан сырткары №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

«3-май күнү жеринде райондук жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Ал эми ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары №38 ЖТИ тарабынан аткарылат», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×