Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.05.2019 10:14

Казарман—Жалал-Абад жолундагы ашууда жүргүнчүлөрү бар 7 унаа тыгылып калды

Turmush -  Казарман—Жалал-Абад жолунда тыгылып калган 7 унаанын жүргүнчүлөрүнө жардам берилди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-май күнү саат 20:00 чамасында Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 35-чакырымында (Сары-Кыр ашуусу) 7 унаа (2 оор жүк ташуучу жана 5 жеңил унаа) тыгылып калган.

Ал жерге акимдин орун басары, ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, 1 фельдшер, РИИБдин 2 кызматкери барып, 7 унаадан 14 жүргүнчүнү (12 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) саат 04:30да Казарман айылына жеткиришкен. Ашууда 7 унаанын айдоочулары унаалары менен калган.

ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана №18 ЖТИнин 1 жүктөгүчү жолду тазалап жатат. Аталган унаа жол Тогуз-Торо районунун акиминин буйругунун негизинде жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×